• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

13-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Эртең, 13-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -5...-10 градус болот.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7, Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8 градуска чейин суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы күтүлбөйт -2…-4, күндүз 6…8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий