• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башаламан соода Ленин районундагы эң чоң көйгөй бойдон калууда.

"Айрым соодагерлер базардын ичинде соода орундары турса да сыртында соода кылып келишет. Бүгүнкү күндө Ош базарында болжол менен 450-470 башаламан соода менен алектенген соодагерлер бар, ал эми Ош базары соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар. Бардык чарбалык субъектилер стихиялуу соодагерлер үчүн орун берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Башаламан сооданы жоюу үчүн мобилдик топ Ош базары соода оюн-зоок комплексинин аймагында рейд жүргүздү. Чүй проспектиси, Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүнүн боюндагы сатуучулар башаламан соода жерлерин таштап кетишти.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 75тен ашык ар кандай конструкциялар - чатыр, стол, отургуч, манекен, коляска алынды.

Ошондой эле соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий