• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кара-Балтадагы аффинаж заводуна, Улуттук банкка барды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун аффинаждык заводуна барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатынын борбордук илимий-изилдөө лабораториясында жана «Stewart assay and environmental laboratories» ЖЧК лабораторияларында болушту.

Мындан тышкары, убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Улуттук банкка барып, анда алар Улуттук банктын алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялары, атап айтканда, алтындын запастарын толуктоо, алтындын өлчөнгөн жана стандарттуу куймаларын даярдоо жана алтынды сактоо боюнча эл аралык стандарттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий