• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Март айында кыргыз-пакистан бизнес-форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы март айында кыргыз-пакистан бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай маалымат Кыргызcтандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Карачи шаарынын портунун төрагасы, Пакистандын Улуттук банкынын президенти, Пакистандын Куруучулар ассоциациясынын төрагасы, Пакистандын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын улук вице-президенти жана ири фармацевтикалык компанияларынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусунда белгилүү болду.

Элчи Тотуяев Карачи шаарынын портунун төрагасы С.М.Т.Худа менен жолугушууда Кыргызстандын компанияларынын Пакистандын ири портторунун бирине кирүүсүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Тараптар аталган демилгени ишке ашыруу боюнча кызыкдар органдарынын ортосунда тиешелүү иш жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Элчи Тотуяевдин Пакистандын Улуттук банкынын президенти Р.А.Хасние менен жолугушуусунда банк секторунда, анын ичинде валюталарды конвертациялоо жана акча которуулар боюнча кызматташуу маселелери каралды. Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууга түрткү берүү максатында, аталган финансылык институтунун Бишкектеги филиалынын ишин улантуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пакистандын Куруучулар ассоциациясынын төрагасы М.А.Тай менен жолугушуусунда элчи Тотуяев пакистан тарапка Кыргызстандын курулуш тармагындагы инвестициялык потенциалы, өлкөдө ишке ашырылып жаткан "Менин үйүм 2021-2026" сыяктуу мамлекеттик турак-жай курулуш программалары, ошондой эле туристтик объектилерди куруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле элчи Пакистандын Соода-өнөр жай палатасынын Улук вице-президенти С.Чавла менен дагы жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда бизнес байланыштарын кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн онлайн жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Мындан тышкары, Уланбек Тотуяев “Brooks Pharma” жана “Indus Group” аттуу ири фармацевтикалык компанияларынын жетекчилиги менен жолугушуулары өтүп, анын алкагында тараптар пакистандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын Кыргызстанга жана андан ары Евразиялык экономикалык биримдигинин рыногуна экспортун кеңейтүүнү талкуулашты. Фармацевтикалык өндүрүштөрдү ачуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында, эң жакынкы арада аталган компаниялардын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарлары күтүлүүдө.

Иш сапардын жыйынтыгында Карачи шаарынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен үстүбүздөгү жылдын март айында өтө турган кыргыз-пакистан бизнес-форумуна катышуусу, ошондой эле фармацевтикалык, курулуш жана айыл-чарба индустрияларынын КРга кошумча иш-сапарларын уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий