• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

24-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоорго кар түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...20,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Ош облусунда түнкүсүн 8... 13, күндүз 17...22,

Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17.

Эртең Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 19…21 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий