• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Сузактагы кооптуу аймактарга барды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы кооптуу аймактарга барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-мартына караган түнү нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Ак-Булак, Ак-Терек, Сокуташ жана Шатырак айылдарын аралап өткөн Ачысай суусунун деңгээли көтөрүлүп, ички чарбалык көпүрөлөрдү жууп кеткен.

Облус башчысы аймактагы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, сел жана жер көчкү кесепеттеринен өз учурунда адам өмүрүн сактоо зарылдыгын белгиледи. Өкүл тийиштүү тармактын кызматкерлерине тез аранын ичинде жашоочуларды коопсуз жайларга көчүрүү ишин күчөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, сел жууп кеткен көпүрөлөрдү калыбына келтирүү аракеттери көрүлөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий