• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты реконструкцияланууда. Аткарылган иштер

Аймак 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери тынымсыз негизде жүргүзүлүүдө, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Реконструкция иши 20 күндөн бери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСтеги №1 ГАны реконструкциялоодо төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • Турбинанын шахтасында генератордун жана турбинанын валын ажыратуу (штифтерди демонтаждоо) жүргүзүлүп жатат
  • Май басымын орнотуучу системасынын трубалары 724,00м бийиктикте демонтаждалууда
  • Турбинанын шахтасында багытточуу канаттарынын втулкасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат
  • Турбинанын шахтасында сервомотордун рычагы жөнгө салуучу шакекчеден демонтаждалууда
  • Демонтаждалган жабдууларды жана тетиктерди кампага ташылууда
  • Генератордун шахтасында полюстардын байланыштарын ажыратуу
  • Генератордун түркүктөрүндөгү клиндериндеги бириктирилген ширетүүлүр алынууда
  • Генератордун статорунун түйүндөрүн ажыратуу
  • Көмөкчү генераторду демонтаждоо
  • Көтөрүү жерлеринде үстүнкү кайчылаштын буттарындагы бош гайкаларды бекемдөө
  • GE кампасында комбинациялуу подшипниктерди муздатуу системасынын коллектордук түтүктөрүн гидравликалык сыноого даярдоо иштери жүрүүдө
  • 707-710м бийиктикте ГА-1 муздатуу системасынын түтүктөрүн монтаждалып жана ширетүүлү иштери жүргүзүлүп жатат
  • 760,00м бийиктикте өрт өчүрүү системасынын түтүктөрү демонтаждалууда
  • 718,50м бийиктиктеги Т-1 муздатуу системасынын бөлмөсүнүн өрт өчүрүү системасынын монолиттүү түтүкчөсүнүн айланасындагы бетонду алуу иштери жүргүзүлүүдө
  • 713.00м бийиктикте дренаждык системанын түтүктөрү орнотулууда
  • 713м бийиктикте фильтрлерди монтаждоо жана валды тыгыздоосу үчүн түтүктөр жана фланецтер ташылып жатат
  • 710м бийиктикте ГА-1 муздатуу системасынын суунун басымын жөнгө салуучу түтүктөрдү жана клапандарды чогултуу
  • 718.50 бийиктикте №61 дренаждык түтүктүн айланасында бетонду алууда
  • 732м бийиктикте негизги көмөкчү трансформатордун №21 трансформаторунун ток өткөргүчтөрүн демонтаждоо иштери жасалууда
  • Т-1 негизги трансформаторунун ток өткөргүч мамычалын демонтаждоо
  • ГА-1 панелдеринин жайларында дүлүктүргүч системасында асбестти тазалоочу камераларды жана жабдууларды монтаждоо иштери жургузулуп жатат
  • 726.50м бийиктикте ГА-1 башкаруу жана коргоо панелдеринин рамасы орнотулууда
  • Кемчиикке каршы ултра-үндүк контролдук текшерүүлөр үчүн ГА-1 спиралдык камерасында ширетилген бирикмелерди кум чачуу ыкмасы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат
  • 726,50 бийиктикте курулуш шатыларын монтаждоо иштери аткарылууда.

«Электр станциялар» ААКнын Токтогул ГЭСнин №1 ГА ийгиликтүү аткарылып ишке берилсе, кошумча 60МВт кубаттуулукка көтөрүлөт

Пикир

Оставить комментарий