• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта мамкызматкерлер жана мугалимдер үчүн үйлөр курулат. Жер тилкеси бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек. 25.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик менчикти Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине Жалал-Абад облусу, Сузак району, Сузак айылы, А.Юнусов көчөсү, 242/1 дареги боюнча жайгашкан, аянты 1,72 га жер участогун (идентификациялык номери 3-05-11-1001-7890) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу;

– бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна менчик укугун КР мыйзамдарына ылайык каттоо органдарында каттоо.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий