• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эдил Байсалов Ак-Ордо конушундагы №102 мектептин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда №102 орто мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгиленгендей, жаңы курулган үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Окуу имаратында негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Эдил Байсалов жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгондугуна токтолду.

"Борбордо мектептердин жетишсиздиги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон. Кыргызстандын президентинин тапшырмасы менен Бишкек шаарында 15 мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө 15 мектептин 13ү окуучуларга өз эшигин ачты. Бул чоң жетишкендик. Жакынкы жылдары билим берүү тармагына инвестициялоо артыкчылыктуу багыт катары саналат жана кеп билим берүү мекемелерин куруу жөнүндө гана болгон жок. Бул окуу китептерин даярдоо, мектеп программасын өзгөртүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу менен билим берүү системасын толугу менен кайрадан карап чыгуу дегенди билдирет”, - деди министрлер кабинетинин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий