• 88.68
  • 95
  • 0.95

Премьер Исаков Кыргызстандын аялдарын 8-март менен куттуктады

Өкмөт 0


Бишкек, 07.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков аялдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктады. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда ал куттуктоо сөз сүйлөдү.

“Урматтуу апалар, эжелер мен сиздерди 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. 8-март чындыгында жылдын жакшы майрамдарынын бири, анткени ал биздин сүйүктүү айымдарыбызга арналган. Тарыхыбызда энелер татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, үйдүн куту болуп, мамлекетибиздин түзүлүшү үчүн күрөшүп келишкен. Алардын арасында Каныкей, Курманжан датка, Уркуя Салиева жана башкалар бар”, - деди премьер-министр.

Исаков аялдардын мойнунда балдарды тарбиялоо, экономика жана маданиятты өнүктүрүүдөгү зор жоопкерчилик турганын белгиледи.

“Сиздер келечек муун үчүн үлгүсүздөр. Биз бардыгыбыз сиздер менен сыймыктанабыз. Эгерде силер болбосоңор, дүйнө эмне болмок билбейм. Мен апам мени кантип тарбиялап өстүргөнүн дайыма эстейм. Мен өз кыздарыма да ошондой тарбия берүүгө аракет кылам. Менин төрт кызым бар. Сиздерге чын жүрөктөн эң жакшы маанай каалайм, эч качан кайгырбаңыздар. Бейиш эненин таман алдында деп бекеринен айтылбайт. Мен дагы бейиш энелердин таман алдында деп эсептейм”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий