• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жылдыз Бакашова Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргызстандагы Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль Ради менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Аравия Королчулугу менен кызматташтыктын бардык чөйрөсүндөгү мамилелердин өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызыкдар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары элчиге коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз тарап эки өлкөнүн кызматташтыгы ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды активдештирүүнү колдоого алат. Учурда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу өнүгүүдө. Бул багыттагы биргелешкен күч-аракеттер улантылаарына ишенем. Учурда ал үчүн бардык шарттар бар. Биздин өлкөлөр бири-бирин эл аралык жана аймактык уюмдар алкагында колдоого алгандыгы кубанычтуу», - деди ал.

Тараптар билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык тармак жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулды. Атап айтканда, тийиштүү программалар алкагында өлкөнүн алыскы райондорунда социалдык объектилерди куруу жана калктын аяр катмарына көмөк көрсөтүү боюнча биргелегшкен күч-аракеттерди улантуу сунушталды.

«Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, аны ишке ашыруу үчүн Жол картасы кабыл алынган. Аймакты өнүктүрүүгө багытталган 30 жакын инвестициялык долбоор даярдалды, жакын арада Баткен облусунда ири инвестициялык форум өтөт», - деп белгиледи Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кошумчалагандай, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жана социалдык-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү максатында Сауд Аравия Королчулугунун борборунда – Эр-Рияд шаарында бизнес-форум жана роуд-шоу (көргөзмө) өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий