• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Новиков: Туристтик потенциалды өнүктүрүү боюнча иш алып баруудагы мамилени өзгөртүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Артем Новиков белгилегендей, коронавирус инфекциясына байланыштуу абал өлкө экономикасына, өзгөчө, туристтик тармакка күчтүү таасир этти жана чоң зыян келтирди.

«Аймактардагы көптөгөн туризм объектилери кредиттик каражаттардын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө экономикалык ишмердүүлүүктүн токтотулушуна байланыштуу туризм жаатындагы кичи жана орто бизнес өкүлдөрүндө кыйынчылыктар жаралды. Алар COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин басып өтүү боюнча белгилүү колдоого муктаж болууда», - деди ал.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайларга ээ болгон башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүүгө багыт алуусу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков туризм тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы жана Туризм тармагындагы ченемдик базаны мамлекеттик жөнгө салуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча план иштелип чыккан.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, жылдан-жылга Пландар жазылганы менен алар иш жүзүндө ишке ашырылбай келет.

«Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 млн сом киреше алып келген «Витязь» пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң, чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана чечим долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле ишке болгон мамилени өзгөртүү керек», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2021-жылдын 1-февралына карата туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттин менчигиндеги рекреация обьектилерин башкаруу боюнча документердин жана ченемдик-укуктук актылардын пакетин даярдоосу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий