• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев статистикалык маалыматтарды чогултуу маселесине байланышкан жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Чүйдүн Москва районунун мисалында ар кандай тармактар боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу маселесине байланышкан жыйын өткөрдү.

Жыйынга Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук статистика комитети, Салык кызматы, Москва райондук мамлекеттик администрациясы, Москва райондук электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекет кандай багытта бара жатканын статистикалык маалыматтардан улам билүүгө болорун белгиледи.

“Республикалык деңгээлдеги ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн түзүү айыл аймактарынын деңгээлинде маалыматтарды чогултуудан башталат. Ошол себептүү, Улуттук статистика комитети, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар биргелешип эсептелген маалыматтардын камтылышын, толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуусу зарыл”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин белгилешинче, маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын сапатын контролдоо жана тактыгына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт.

Отурумдун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдарга статистикалык маалыматтарды чогултуунун жаңы ыкмаларын колдонгон пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий