• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2020-жылы эс ала турган күндөр. Өкмөт токтом долбоорун иштеп чыкты

Өкмөт 0

Бишкек. 05.12.19. /Кабар/. 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыкты.

Токтом долбооруна ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, бул долбоордо беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтом долбоору учурда министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий