• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү тармагы боюнча кыргыз-немис кызматташтыгы бекемделет

Билим 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Билим берүү тармагы боюнча кыргыз-немис кызматташтыгы бекемделет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кызматтан белгилешкендей, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды.

Жолугушууда Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, айрым маселелерге токтолду.

Элчи айым Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлүнүн авторлоштугу менен IT боюнча кыргыз тилинде китеп жазылып, ал учурда апробациядан өтүп жатканын кошумчалады.

Каныбек Исаков билим берүү тармагын колдоого алып жаткандыгы үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, бул жааттагы эки өлкөнүн кызматташуусун жакшыртуу керектигин белгиледи.

Тараптар мындан сырткары, каникул учурунда кыргызстандык студенттер Германиянын шаарларына иштегени барган учурлар көбөйгөнүн эске алуу менен немис тилин бекемдөө боюнча пикир алышты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда немис тилин терең окутуучу 10 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий