• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юрген Клопп лигадагы оюндарда 100-жеңишти камсыздады

Спорт 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Футбол боюнча Англиянын премьер-лигасынын 15-турунда "Ливерпуль" командасы "Энфилдди" 5:2 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Бул жеңиш "Ливерпуль" командасынын машыктыруучусу Юрген Клоппго Англиянын премьер-лигасындагы оюндарда 100-жеңиши болду. Ал көрсөткүчкө жетүү үчүн 159 беттеш өткөргөн. Бул лигада Жозе Моуриньюдан кийинки экинчи көрсөткүч болууда. Моуринью өз командасы менен 100 жеңишке жетиш үчүн 142 оюн эле керектелген.

Бирок "Ливерпуль" командасынын тарыхында Клопп алгачкылардан болуп кыска аралыкта 100 жеңишти камсыздаган.

Белгилей кетсек, "Ливерпуль" командасы лигада 43 упайы менен тизменин башында турат.

Пикир

Оставить комментарий