• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда стратегиялык кендер ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.22./Кабар/. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында алгач ирет «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу киргизилди. Бул аракеттердин натыйжасында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК өндүргөн бардык алтын республиканын аймагында жана анын менчигинде калууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Стратегиялык кендер (Андаш, Талды-Булак, Тоголок жана башкалар) мындан ары карай ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет. Бул максатта «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» жана «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы негизделген.

Министрлер Кабинетинин буйругу менен 100% мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторий алынып салынды.

Жер казынасын пайдаланууда өз милдеттерин так аткарбаган пайдалануучулар тарабынан негизсиз кармалып жаткан лицензияларды кайтарып алуу максатында лицензияларды сактап калуу үчүн төлөмдөр жогорулатылды.

Жер казынасын пайдалануучулардын (Кумтөрдөн тышкары) рекультивациялоо фондунун каражаттары (340 млн сомго жакын) 100% мамлекеттик үлүшү бар банктарда (РСК Банк жана Айыл Банк ачык акционердик коомдору) топтолот жана аларды банктар кайтарымдуулук негизде пайдалана алышат.

Суу экосистемаларын сактоо, калыбына келтирүү жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында тоо-кен казып алуу тармагы үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдалануусу үчүн жаңы төлөмдөр бекитилди - 1 куб метр үчүн 60 сомдон 100 сомго чейин (деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикке/төмөндө жайгашкандыгына жараша).

Пикир

Оставить комментарий