• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулдун Сары-Камыш айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда З.Эгембердиев атындагы мектептин курулушу 86%га аяктады. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан мектептин ички жасалгалоо иштери, сырткы фасад жана аймакты көрктөндүрүү иштери аяктоодо.

Эске салсак, билим берүү мекемеси 225 окуучулук орунга ылайыкташтырылып, сметалык наркы 885 миң 190 АКШ долларын түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий