• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милиция кызматкерлери Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарында жайгашкан орто мектептерде мектеп окуучуларына Мекенди коргоо күнүнө карата ачык эшиктерди өткөрүштү.

Ачык эшиктин жүрүшүндө ар бир өспүрүмдүн патриоттук сезимдерин ойготуу үчүн, кызыкчылыктарын арттыруу максатында ИИОнун атайын каражаттарын, формаларын кенен тааныштырып, диалогдорду уюштурду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууда, кылмыштуулукта мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул иш-чара №40 Күлдү, №3 Охна гимназиясы, №34 С.Тешеев, Д.Садыков, Көксал Топтан, А.Камбаров жана Х.Жанибеков атындагы орто мектептеринин окуучуларына өткөрүлдү.

Ошондой эле бул аймакта жайгашкан соода-сатык жайларына жаш өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди, тамеки, насывай заттарын сатууга тыюу салынган эскертмелер берилип, Кадамжай РИИБи тарабынан даярдалган эскертме баракчаларын илинди.

Пикир

Оставить комментарий