• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кербен шаарында архив жана архитектура мекемелеринин жаңы имараттары ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Аксы райондук мамлекеттик архивинин имаратынын ачылыш аземине катышты.

Парламенттен билдиришкендей, Аксы райондук мамлекеттик архиви тарыхый маалыматтарда 1939-жылдан бери иштеп келгендиги айтылат. Бирок азыркы күнгө чейин атайын имаратка ээ болгон эмес. Мекеме ар кайсы жерде жайгашып, документтерди талаптагыдай сактоодо көйгөйлөр жаралган.

Андыктан бүгүнкү ачылып жаткан имарат райондук архив үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да маанилүү экенин айткан төрага: "Жалпы Кыргызстан боюнча 1975-2000-жылдар аралыгында архивдик мекемелер үчүн сегиз гана имарат курулган. Ал эми акыркы эле жылдары беш архивдик имарат салынып, ишке берилди. Мындай саамалыктар дагы да уланат. Биз тарыхый маалыматтардын булагы саналган архивдерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча заманбап мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, документтерди санариптештирүүгө басым жасашыбыз зарыл", - деди.

Андан соң Нурланбек Шакиев Кербен шаарындагы Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын имаратынын ачылышына да катышты. Алсак, аталган мекеме дагы 28 жылдан бери ар кайсы имаратты ижарага алып, жайгашып келген. Ал эми республика боюнча эгемендүүлүк алган жылдардан бери Архитектура жана шаар куруу тармагына тиешелүү бир дагы имарат курулган эмес.

Ачылыш аземинин алкагында башкармалыктын кызматкерлери менен баарлашкан төрага алардын иштерине ийгиликтерди каалап: "Ушул куттуу жайдан Кербен шаарынын өнүгүшүнө багытталган ири долбоорлор иштелип чыксын", - деген тилегин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий