• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функциялары алып салынды. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР прокуратурасы жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам менен тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салуу жана тергөө Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган жазык иштери боюнча тергөөнү кошпогондо, аларды ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат.

Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий