• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №55 мектепте капиталдык оңдоо иштери кандай жүрүп жатат?

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Бишкектеги № 55 орто мектептин капиталдык ондоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептин шифер чатырын темир чатырга алмаштыруу, ошондой эле электр монтаждоо жана сыртын сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштерин бүтүрүү 2023-жылдын 15-августуна белгиленген.

Аким подряддык уюмдардын жетекчилерине жана тиешелүү адистерге оңдоо иштерин тездетүү жана өз убагында пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, шаардагы №55 орто мектеп 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1070 орунга ылайыкталган, иш жүзүндө 2025 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий