• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары саясий, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктады.

Ал эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде, Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө кошкон зор салымын жогору баалады.

Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоганга Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Түркия элин 30-августта белгиленүүчү Жеңиш күнү менен куттуктады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эртеңки ачыла турган Айкөл Манастын эстелиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин айтымында, бул окуя Кыргызстан үчүн чоң символикалык мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Анда Түркия колдоосун жана жардамын көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий