• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Жалал-Абадда бир катар соцобъекттердин курулушу менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан Олимпиадалык резервдин облустук мектебинин капиталдык оңдоо иштеринин көрүп чыкты. Учурда объектини ачууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 1992-жылдан бери бул жер кесиптик лицей болуп келген. Эми капиталдык оңдоодон кийин 400 балага ылайыкташтырылган мектеп болот. Спорттун 7 түрү боюнча окутуу жана машыктыруу процесстери жүргүзүлөт: грек-рим күрөшү, эркин күрөш (эркектер жана кыздар), дзюдо, бокс, жеңил жана оор атлетика. Алардын ар бири үчүн өзүнчө шарттары менен машыгуу залдары каралган. Капиталдык оңдоодон кийин мектептин базасында масштабдуу эл аралык мелдештерди жана машыгуу жыйындарын өткөрүүгө болот.

Президентке маалымдалгандай, спорттун аталган түрлөрү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жигердүү өнүгүп, улан-кыздар арасында чоң кызыгууну жаратып жаткандыктан улам тандалып алынган. Мындан тышкары, азыркы тапта мектептин базасында 400 спортчуга ылайыкталган олимпиада айылын түзүү маселеси караштырылып жатканы айтылды.

Андан ары Мамлекет башчысы облустук оорукананын үч кабаттуу, 100 орундуу жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Кошумча имаратта неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгаштырылат. Учурда объектинин 80% иштери аяктаган.

Бул объектилерди көрүп чыгып, президент Садыр Жапаров мамлекеттик саясат мындан ары дагы аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын облустарында жумуш орундарын түзүүгө багытталаарын баса белгиледи.

Андан соң президент Сузак районундагы "Үмүт & Ко" компаниясынын сүттү кайра иштетүүчү заводуна барып, заводдун ишмердүүлүгү, продукцияларды чыгаруу боюнча алдыдагы пландары тууралуу маалымат алды.

Сүттү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын июнь айында иштей баштаган. Бүгүнкү күндө суткасына 80-100 тоннадай сүт кайра иштетилет. Ошону менен бирге заводдо сыр, быштак, каймак жана май өндүрүлөт.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай ишканалардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекет ушул сындуу заводдордун ачылышына жана алардын ишмердигине колдоо көрсөтүүнү улантаарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий