• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент диплому жоктордун депутат болушун колдобой турганын билдирди

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде диплому жоктордун Жогорку Кеңешке депутат болушун колдобой турганын билдирди.

“Жок, колдобоймун. Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мыйзамдар мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жогорку Кеңешке жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиш керек”, - дейт президент.

Жапаров ошондой эле бир километр жолго бир сом төлөнө турган демилгени дагы колдобой турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий