• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу жүрүш өттү – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.03.23. /Кабар/. 4-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранда улуттук кийимдерди кийген жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрына чейин параддан өтүштү.

Жүрүшкө 700дөн ашык жаш активисттер, жогорку окуу жайлардын студенттери, маданият жана искусство ишмерлери катышты.

Андан соң драма театрда аскер кызматкерлери арасында “Ыйык милдет” аттуу сынак болуп өттү.

Анын жеңүүчүсү болуп №7703 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери табылып, 20 миң сом сыйлык ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий