• 88.68
  • 95
  • 0.95

UFC: Валентина Шевченко Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди

Спорт 0

Бишкек, 05.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого чемпиондук курун уттуруп жиберди.

Эки мушкер бүгүн, 5-мартта Лас-Вегаста UFC 285 мелдешинин алкагында октаганго чыгышты. Беттештин төртүнчү бөлүгү чечүүчү болду: мексикалык мушкер Шевченконун далысына өтүп, муунтуу ыкмасы менен атаандашын утуп алды.

Валентина Шевченко сегизинчи ирет чемпиондук курун коргоо үчүн беттешке чыккан.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12-июнунда Валентина Шевченко Сингапурдагы UFC 275 турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип, жетинчи ирет чемпиондук курун коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий