• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык тай боксчулар дүйнө чемпионатында 14 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын тай боксу боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 6 алтын, 5 күмүш, 3 коло жеңди.

Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категорияда Фарида Абдуева, 57 кг салмакта Виктория Меликова жана эркектер арасында 60 кг салмакта Никита Цой, 63,5 кг салмак категорияда Али-Хан Эргешов дүйнө чемпиону аталышты.

Ошондой эле 71 кг салмак категорияда Жаныбек Бейшебек уулу экинчи орунду ээледи.

Мындан сырткары, спорт сүйүүчүлөр арасында 63,5 кг салмакта Александр Кононенко, кадеттер арасында 63,5 кг салмакта Тимур Кутанов да дүйнө чемпиону аталышты.

Кадеттер арасында 42 кг салмак категориясында Айдар Каныбеков, 57 кг салмакта Данияр Өмүрбеков, чоңдор арасында Александр Вавилов, кыз-келиндер арасында 70 кг салмакта Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээлери болушту.

51 кг салмакта Дмитрий Макаров, 57 кг салмак катергориясында Альберт Бактыбеков жана 54 кг салмакта Ильяс Абдулин коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Пикир

Оставить комментарий