• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эгемендүү Кыргызстандын тунгуч муфтийи акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектеги «Мекен шейиттери» мечитинде белгилүү дин ишмери, Кыргызстандын мусулмандарынын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маркум менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер, ЖК депутаттары, муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, муфтияттын жамааты, экс-муфтийлер, дин ишмерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери жанашаар тургундарыы катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мусулмандарынын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов ушул жылдын 22-ноябрында 82 жаш курагында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий