• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Кыргыз күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Анаркул Ибраевдин жаркын элесине арналган мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынын 67 балбан катышты. Катышуучулар 60, 75, 85, +85 кг салмак категорияларында күч сынашты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, жалпы байге фонду 250 миң сомду түзөт.

1-орун 50 000 сом;
2-орун 30 000 сом;
3-орун 20 000 сом.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг
1-орун Кенжебай Нарынбай уулу (Жалал-Абад);
2-орун Дооронбек Сапанов (Баткен);
3-орун Бей-Барс Анарбеков (Талас).
75 кг
1-орун Эрбол Турапбаев (Талас);
2-орун Айболот Аманонов (АСМ);
3-орун Мыктыбек Өмүрзак уулу (АСМ Бишкек шаары).
85 кг
1-орун Бектур Кожомуратов (АСМ Бишкек);
2-орун Азизхан Мусбек уулу (Ысык-Көл);
3-орун Адилет Турсунбаев (АСМ).
+85 кг
1-орун Муктарбек Калыбек уулу (АСМ);
2-орун Орозбек Алазбеков (КГТУ);
3-орун Баяман Мыктыбеков (Талас).

Пикир

Оставить комментарий