• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык мушкерлер Казакстанда өткөн турнирде алдыга озуп чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн эл аралык күрөш боюнча “Орбулакская битва” Alash Pride FC турниринде баардык атаандаштарын жеңишкен. Бул тууралуу беттештин расмий сайтында кабарланган.

Турнирге катышууга Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан спортчулар келишкен.

Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоп, үчөө тең жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Жаныбек Каныбек уулу 61 кг чейинки салмак категориясында Казакстандык Жуман Жумабековду жеңген.

Куштарбек Амирбек уулу Денис Муцнек аттуу казак спортчу менен болгон беттеште калыстар тобунун чечими менен биринчиликти ээлеген.

Ал эми 66,1 кг чейинки салмак категориясында Азис Сатыбалдиев Өзбекстандык Уайс Тлегеновду техникалык нокаут менен уткан.

Пикир

Оставить комментарий