• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбековага эл аралык “Золотой мангуст” сыйлыгы ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 11.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбековага эл аралык “Золтой мангуст” сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясынан кабарлашты.

Эсеп боюнча тогузунчу сыйлык тапшыруу аземи 9-декабрда, Одесса шаарында (Украина) өттү. Тыныбекова дене тарбия жана спортко кошкон салымы үчүн атайын “Золотой мангуст” ордени менен сыйланды.

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы жети турнирге катышып, бардыгында медаль уткан – 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло.

“Биздин сулуу Айсулуу Тыныбекова эл аралык “Золотой мангуст” сыйлыгына татыды. Чын жүрөктөн куттуктайбыз”,-деп билдиришти федерациядан.

“Золотой мангуст” сыйлыгы 2009-жылы Украинада негизделип, 2012-жылы эл аралык статусун алган.

Пикир

Оставить комментарий