• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде 2-орунду ээледи.

КРнын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришкендей, Петрашов АКШнын Атлантика жээгиндеги конференциясына (ACC) катышып, 200 ярд аралыкты 1 мүнөт 51,89 секундда сүзүп өткөн.

«Албетте, бул жетишкендик Петрашовдун жана анын машыктыруучуларынын жеңиши жана ага АКШнын ачык чемпионатына катышууга мүмкүндүк берет. Денисти куттуктайбыз жана жаңы жеңиштерди каалайбыз», -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий