• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын футбол курамасынын машыктыруучусу негизги атаандаш катары Мьянманы көрөрүн айтты

Спорт 0

Бишкек, 07.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тажикстандын футбол боюнча курамасы негизги атаандаш катары Мьянманын командасын көрөт. Бул тууралуу Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт Бишкектеги маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Ар бир команда жеңиш үчүн аракет кылат эмеспи. Тайпадагы бардык команданын даярдыгы бирдей. Бирок ага карабай биз жеңүүгө аракет кылабыз. Тажикстандын футбол боюнча курамасы негизги атаандаш катары Мьянманын командасын көрөт. Себеби биздин биринчи оюнубуз алар менен болот. Андыктан биз бир гана ага даярдык көрүүдөбүз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтөт.

Беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстанда болмокчу.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда болот.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

F тайпасындагы оюндар:

8-июнь:
• Кыргызстан - Сингапур;
• Тажикстан - Мьянма.
11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Пикир

Оставить комментарий