• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР балбандары Россияда өтө турчу “Иван Ярыгин-2018” турнирине катышат

Спорт 0

Бишкек, 23.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Россияда өтө турган эл аралык Гран-при “Иван Ярыгин-2018” турнирине катышат. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир Красноярск (Россия) шаарында 26нан 28-январь күндөрү өтөт. Бардыгы болуп 20 жуп медаль ойнотулат.

Учурда КР курамасы турнирге даярдык көрүү максатында Ысык-Көлдө машыгуудан өтүшүүдө.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча “Иван-Ярыгин” гран-присинде жеңишке жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий