• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрүп, -30° чейин суук болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Кабар/. 26-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Алардын маалыматына ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -21…-26°, күндүз -11…-16° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -22…-27° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -35…-40°, күндүз -25…-30° суук болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-29-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп - Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16° суук, Чүй облусунун түндүгүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -17…-22°, күндүз -4…-9° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -23…-28°, күндүз -13…-18° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -34…-39°, күндүз -24…-29° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -40…-45°, күндүз -28…-33° суук болушу күтүлөт. Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий