• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында 3 унаа кагылышып, 5 адам жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-декабрда болжол менен саат 08:45тер чамасында болгон.

“Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 190-чакырымында “ХОВО”, “Хонда-СРВ” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (4 эркек,1 аял) ар кандай жеңил жаракаттарды алган”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркаган адамдарга медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий