• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзүнүн үйүндө өрттөнүп кеткен: Таластагы өрттүн чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Талас облусунда турак үйдө 46 жаштагы эркек адам тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Кырсык тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, кечээ кечинде Кара-Суу айылында 20:47 чамасында Кенжалы көчөсүндө турак үйдүн чатыры өрттөнгөн. Жалын үйдүн ичин каптап, үй эмеректерине жармашып, өрт күч алган.

20:57де окуяга болгон жерге өрт өчүрүү бөлүмү келген. Тилсиз жоо 23:07де өчүрүлгөн. Үйдүн ичинен кожоюндун сөөгү табылган.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий