• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Орок айылындагы абал туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Орок айылында түндө эч окуя катталган жок, абал туруктуу жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ билдиргендей, кечээ Орок айылындагы окуя боюнча Сокулук РИИБсине жалпы 32 жашоочу жеткирилген. Алардын ичинен 31 жаран бошотулган.

Ал эми бир жаран Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт.

Учурда Ороктогу абал туруктуу жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, кечээ Орок айылында Айт намаздан кийин үч бала уруша кеткен. Анын жыйынтыгында бир бала ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн.

Бул окуянын жыйынытыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан.

Ички иштер министрлиги Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий