• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду хет-триги менен Португалияны финалга алып чыкты

Спорт 0


Бишкек, 06.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду Улуттар лигасынын жарым финалында Швейцария командасына 3 гол киргизди. Өз талаасында ойногон португалиялыктар Швейцарияны 3:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алышты.

Португалиялык чабуулчу эсепти 25-мүнөтүндө ачса, Швейцариянын оюнчусу Рикардо Родригес 11 метрлик айып соккусун тээп эсепти теңегенге жетишти. 2-таймдын 88-90-мүнөтүндө Роналду 2 гол киргизип, финалды Португалия командасына алып келди.

Роналду өзүнүн карьерасында 53 жолу хет-трик жаратса, Португалия курама командасында 7 жолу хет-трик жасаган.

Акыркы хет-тригин Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Атлетико" командасына киргизген. Ал эми, Португалия командасы менен футбол боюнча дүйнө чемпионатында Испанияга каршы оюнунда 3 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий