• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын эркин күрө боюнча курама командасынын мүчөлөрү (U-23) Албаниянын Тиран шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас" эл аралык аэрпортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, КРнын күрөш федарациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 2 коло медаль жеңген. 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу жана 61 кг чейинки салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу 3-орунду камсыз кылышты.

Курама команда башкы машыктыруучу Руслан Маджинов, улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу жана Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий