• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 30-октябрдан 3-ноябрга чейинки аралыкта (ишемби жана жекшемби күндөрүн кошпогондо) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 3902-чакырымында жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий