• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине жаңы ректор дайындалды

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Мамасыдыков Абдилбает Асанович Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы ректор КР министрлер кабинетинин "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен дайындалды.

Билим берүү министрлигинин Укуктук камсыз бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов окуу жайдын жамаатын ректорду дайындоо тууралуу буйрук менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий