• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда 11 жана 13 жаштагы балдар изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.08.18 /Кабар/. Аламүдүн районунда 13 жаштагы Алмазбек уулу Курманбек жана 11 жаштагы Кутманбек Базарбаев милиция тарабынан изделүүдө.

Алар Виноградное айылында жашашкан. Милициядан билдиришкендей, 30-июлда саат 16:30 чамасында балдар үйлөрүнөн чыгып, кайра кайтып барышкан эмес.

Алмазбек уулу Курманбектин белгилери: бою болжол менен 145-150 сантиметр, бетинде сепкилдери бар, чачы кара. Кара түстөгү футболка көк түстөгү жынсы шым, кызыл сланцы кийип жүргөн.

Кутманбек Базарбаевдин белгилери: Бою болжол менен 140-145 сантиметр, көк түстөгү чолок шым, кара сланцы кийип жүргөн.

Жашы жете элек балдар тууралуу билгендер болсо, 0(312) 36-35-27, 0701(25-55-22) номерлерине же 102ге чалып кабарлоосун суранабыз.

Пикир

Оставить комментарий