• 88.68
  • 95
  • 0.95

Санкт-Петербургдан келген делегация Бишкек мэриясында болду

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева Санкт-Петербург өкмөтүнүн тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев баштаган делегация менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Виктория Мозгачева коноктор менен жылуу учурашып, Бишкек менен Санкт-Петербург шаарлары өнөктөш экенин белгиледи. Мэрдин орун басары шаарлар ортосундагы өз ара урматтоо жана ишеним багытында өз ара пайдалуу өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Евгений Григорьев жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, мэрди делегациясы менен Санкт-Петербургга келүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармакта тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы мэрдин орун басары Виктория Мозгачева делегацияга Кыргызстанга жасаган сапары үчүн ыраазычылык айтып, биргелешкен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары активдүү өз ара аракеттенишүүгө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий