• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта чагылган тийген койчуман ооруканага жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Талас облусундагы ооруканалардын бирине чагылган тийген жаран келип түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура аймактык ооруканасына 2-май күнү болжол менен саат 20:55тер чамасында 39 жаштагы М.Н., аттуу жаран түшкөн.

Дарыгерлер ага чагылган урган, сол капталы, денеси жана эки буту 2-3 деңгээлдеги термикалык күйүк алган деген диагноз коюшкан. Жалпысынан 10-12% күйүк алып, жандандыруу бөлүмүнө киргизилген.

Жабырлануучунун айтымы боюнча, чагылган аны малдарды айдап жаткан маалда урган. Ошол убакта анын сол колунда кол чатыр болгон.

“Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий