• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкурулуш жыл башынан бери 566 лицензия жана 1553 сертификат тариздеди

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында иш алып баруу үчүн 566 лицензиясын жана 1553 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды тариздеген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми жалпы 566 лицензиянын ичинен 408 уюм биринчи жолу лицензия алышкан.

Ошондой эле отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге 1553 мамлекеттик квалификациялык сертификаттары таризделген. Анын ичинен мөөнөтүү бүткөнү менен байланыштуу 932 сертификатs узартып берилген жана 108 адисттерге компетенттүүлүгү жоктугуна байланыштуу сертификат берүүгө баш тартылган.

Пикир

Оставить комментарий