• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 60%га аткарылды

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 60%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Объект 2019-жылдын октябрь айында башталган, долбоордук кубаттуулугу 375 окуучулук орунга эсептелген. Курулуштун каржылоосу Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан спорттук жана акты залдардын металл менен жабуулары түзүлүшү боюнча жумуштар аяктоодо. Учурда тоскучтардын плиталарын монтаждоосу жана от казандарын орнотуусу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объектинин баасы 1 млн 526 миң 804 долларын түзөт, анын курулуушу 2021-жылы аяктоого пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий