• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россиянын Омск шаарынан 19 компания Кыргызстанда өнөктөш издеп жатат

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Россиянын Омск шаарынан 19 компания Кыргызстанда өнөктөш издеп жатат. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Соода-өнөр жай палатасы Омск облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтыкта Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн Ош жана Бишкек шаарларына сапарын уюштурушту. Иш-чара 18-21-апрелине чейин уланат.

"Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына, макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты.

Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында Кыргызстандын жана Россия компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий