• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев Бишкектеги “Креатив-Таалим” билим берүү комплексине барды

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы жеке менчик “Креатив-Таалим” билим берүү комплексине барды.

Парламенттен билдиришкендей, ал алгач билим менен катар улуттук баалуулуктарды да үйрөткөн мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, музейин, лабораторияларын жана окуу бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Төрага андан соң мугалимдер менен жолугушуп, кеңири баарлашты.

Жолугушууда Нурланбек Шакиев эң чоң инвестиция билим берүү тармагына жасалышы керектигин айтып: “Билимдүү коом болмоюн, бакубат өлкөнү кура албайбыз. Билим аркылуу гана алдыңкы мамлекетке айланабыз. Андыктан, балдарга татыктуу таалим-тарбия берип, келечегибизге кам көрөлү”, – деди.

Ошондой эле жоктон бар кылып, уюткулуу мектепке айланткан мекеменин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыгын билдирген Нурланбек Шакиев: “Босогодон аттаганда эле кыргыздын тарыхын, салт-санаасын чагылдырган көргөзмөлөргө күбө болдук. Бул ушул жерде билим алган окуучулардын улуттук наркка сугарылып, мыкты билим алып жатканынан кабар берет. Андыктан, бул жеке менчик мектеп экенине карабай, бардык билим берүү мекемелерине үлгү. Мындай заманбап мектептер борбордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы керек”, – деп кошумчалады.

“Айрыкча улуттун жүзү жана келечеги анын тили” – деген төрага мамлекеттик тилде билим берген мекеменин ишине жогору баасын берди.

Сөзүнүн аягында агартуучуларга ийгиликтерди каалап, өзү ала барган заманбап ноутбуктарды жана интерактивдүү тактаны белек кылды. Ошону менен бирге 200 миң сомдук каржылык жардамдын сертификатын тапшырды.

“Мындай жардамдар дагы улантылат. Билим менен тажрыйбаны айкалыштырган мугалимдер арасында мамлекеттик тилге байланышкан заманбап усулдук окуу куралдарын даярдагандар болсо, эмгектерин чыгарууга жана жайылтууга каржылык колдоо көрсөтөбүз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий